Милиция кандай учурда күч колдоно алат? (видео)

877

Нааразычылык акциялары учурунда мыйзамсыз аракетке баргандарды токтотуу үчүн милиция кандай учурда күч колдонуп, ал эми кайсы жагдайда атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынат? Өкмөт тарабынан бул боюнча ченемдерди камтыган мыйзам долбоору иштелип чыгып, анда так нормалар көрсөтүлүүдө. Мисалы, нааразычылык акциясы коомдук тартипти, коомдук унаалардын багытын бузбай тынч өтүп жатса, ал митингде тартип сакчылары атайын каражаттарын колдонушпайт. Ошондой эле, укук коргоо органдарын реформалоонун алкагында 2020-жылдан баштап, укук коргоо органдарында маяна чегерүү жана социалдык кепилдиктер системасы жөнөкөйлөштүрүлөт. Ал долбоорду ишке ашыруу үчүн бюджеттен 2 миллирд 700 миллион сом бөлүү каралып жатыптыр.