Милиция «каралар» менен тыгыз иштеше баштадыбы? (видео)

515

Криминал менен күч органдары тыгыз иштеше баштады, дейт укук коргоочу Чолпон Жакупова. Ал президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Айтымында, ишкерлерден акча өндүрүү, уруп-сабоо, коркутуу менен гана чектелбей, адам өлүмү менен коштолууда. Буга “Мадина” базарында иштеген бизнесменге кол салуу далил деп жазылат билдирүүдө.

Өз кезегинде Ички иштер министрлигинин кызматкерлери криминал менен милиционерлер эч качан бирге иш алып барган эмес дешет. Бир дагы тартип сакчынын уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы жоктугун айтышууда.