Милиция: Көчөдө жалгыз жүргөн 1,5 жаштагы баланы чоң энеси таштап кеткен

1073

Чүй областында 10 күндөн бери ата-энеси изделип жаткан 1,5 жаштагы баланы анын чоң энеси таштап кеткен. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Эске салсак, 10-декабрда жергиликтүү тартип сакчылары Чүй районунун Бурана айыл аймагында көчөдө жалгыз жүргөн баланы таап, аны ооруканага өткөрүп беришкен. Наристе аялдамада баштыкка салынган кийимдери менен жүргөн. Баланы он күндөн бери аймактык ооруканада дарыгерлер багып келишкен. Буга чейин аны ата-энеси эмнеге издебегени көп суроолорду жаратып жаткан.

Маалыматтарга караганда, баланын энеси Ысык-Ата районунун 23-жаштагы тургуну. Ал буга чейин 29-жаштагы адам менен жарандык никеде жашап, андан 3 бала төрөгөн. Кийинчирээк алар чогуу жашабай калышкан соң, кичүү баласын мурдагы күйөөсүнө берүүнү туура көрүп, 10 күн мурда аларга жеткирип берген.

Бирок ал тарап да баланы баккысы келбей, ошол күнү өз чоң энеси бөбөктү айылдын аялдамасына калтырып кеткен. Учурда чүрпөнү балдар үйүнө өткөрүү боюнча маселе чечилип жатыптыр.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.