Милиция кубалаган унаа кырсыкка учурап, айдоочу каза тапты (видео)

572

Жол инспекторлору артынан кууган дагы бир айдоочу кырсыкка кабылып набыт болду. Окуя 8-декабрда Бишкек шаарында болгон. Бирок ал эми гана ачыкка чыгып отурат. Анда Жукеев-Пудовкин көчөсү менен түштүк тарапты көздөй инспектордордон качып келаткан «Мерседес» машинасы жолдун четинде токтоп турган башка автоунаага урунган.

Кырсыктын натыйжасында 24 жаштагы айдоочу каза тапты. Маркумдун туугандары буга жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери күнөөлүү экенин айтышууда. Ал эми жолдогу тартипке көз салган инспекторлор күнөөнү набыт болгон айдоочунун өзүнө оодарып жатышат.