Милиция кызматкери кафеде жай жаранга ок чыгарды (видео)

1142

Кафеде сайрандаган милиционер кызматтык куралынан ок чыгарып, бир адамды бутка атты! Бул окуя 2 күн мурда Бишкектеги көңүл ачуучу жайлардын биринде болгон. Ичип-жеп отурган милиция кызматкерлери менен кардарлардын башка тобу ортосунда чатак чыгып, ал мушташка айланганы айтылууда.

Тартип сакчылары жаңжалды токтотуунун ордуна тескерисинче сыртка чыгып мушташты улантышкан. Бишкек шаардык милициясы дагы, Ички иштер министрлиги дагы, табелдик тапанчасы менен куралсыз адамды аткан кызматкердин аты-жөнүн жашырып жатат. Бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, бардык материалдар Бишкектин Биринчи май райондук прокуратурасына өткөрүлдү.