Милиция кызматкерин бычактап кеткен адамдын видеосу табылды (видео)

837

Бир күндө киши колдуу болуп каза тапкан 2 милиция кызматкери бүгүн жерге берилди. Набыт болгон тартип сакчылары экөө тең 25 жашта жана үй-бүлөнүн улуу балдары. Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция бөлүмүндө ыкчам кызматкер болуп иштеген Уларбек Майрамбековду белгисиз адам бычактап кеткен. Азырынча кылмышкерди издөө иштери уланууда. Ал эми Нарында каза тапкан милициянын старшинасы Адилет Жолдошбек уулу кесиптешинин огунан көз жумган. Бул факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, милиция кызматкери менен катар эле бул кырсыктын болуусуна жол берген жетекчиликтин да жоопкерчилиги каралмакчы.