Милиция кызматкерлери 2,5 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды

845

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. 22-январда Башкы прокуратурага Бишкек шаарынын тургуну кайрылып, тартип сакчылары аны «3 миң доллар бер, болбосо кылмыш ишин козгойбуз» деп коркутуп жатышканын айткан.

ИИМдин Ички иликтөө кызматы УКМК менен биргеликте Бишкек шаардык милициясынын кызматкерин жана мурда ички иштер органдарында иштеп кеткен 2 адамды пара менен кармашкан. Учурда шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери башталды.

Мындан тышкары, кармалган милициянын мурдагы кызматкерлери пара талап кылуу жана алдамчылыкка шектелип буга чейин эле изделип жатканы белгилүү болду. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.