Милиция кызматкерлери 2,5 млн сомду кымырып алган деп айыпталууда

1036

Милиция кызматкерлери кылмыш ишин иликтеп жатып, 2,5 миллион сомдон ашык каражатты кымырып алган деп айыпталууда. Башкы прокуратура тарабынан Жайыл жана Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.

Алар Ош шаарында ишкерди тоноп, Чүй областына качып кеткендерди кармоо учурунда табылган акчанын 39 миң долларын катып алган деп күнөөлөнүп жатат. Криминалдык милиция кызматында иштегендер шектүүлөрдү колго түшүргөн соң, аларды коркутуп, уурдалган акча катылган жерди көрсөтүүгө мажбур кылышкан. Ал жакка ыкчам тергөө тобу келгенче, тартип сакчылары акчанын бир бөлүгүн катып алганга жетишкен.

Буга чейин ушул эле ишке тиешеси бар деп Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине карата дагы кылмыш иши козголгон. Алар дагы ошол эле кылмышкерлердин шериктерин кармаган соң, бир миллион 740 миң сомду кымырып алган деп күнөөлөнүп жатышат.

Учурда ишти УКМК тергеп жатат. Жаңы жылдын алдында Ош шаарында бир ишкер үйүндө тонолуп, каракчылар анын 15 миллион сомун уурдап кетишкен. Буга шектүү катары төрт адам кармалган.