Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өтүштү (видео)

967

Биринчи кезекте жарандардын коопсуздугу! Бүгүн таңда Ички иштер министрлигинин Бишкек гарнизонунун саптык тизими болуп өтүп, анда алдыдагы майрамдарда коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча борбор калаадагы 4 райондун милиция кызматкерлери жана элдик кошуундун мүчөлөрүнүн даярдыгы текшерилди. Эскерте кетсек, кечээ күнү өлкөнүн Эгемендуулук майрамына жана 1-сентябрь Курман айтка байланыштуу, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипке өтүшкөн. Бул күндөрү өлкө боюнча 9 миңден ашуун милиция кызматкери ишке тартылмакчы.