“Милиция кызматкерлерин видеого тартуу мыйзамсыз” деген Саркулов эскертүү алды

781

Башкы прокуратура тарабынан Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Ыманалы Саркуловго эскертүү берилди. Буга анын «милиция кызматкерлерин видеого тартуу мыйзамсыз» деген билдирүүсү себеп болгон.

Башкы көзөмөл органы билдиргендей, «жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерди иш учурунда фото жана видеого тартууга мыйзам тыюу салбайт». Ошол эле учурда, Башкы прокуратура айдоочуларды да, жүргүнчүлөрдү да жана жол коопсуздугун тескеген кызматкерлерди да бири-бирин сыйлап, эрежелерди бузбоого чакырды.

Эске салсак, буга чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы анын кызматкерлерин уруксатсыз видеого тартып, интернетке жайгаштырган тараптарды сотко берерин жана буга мыйзам жол берерин билдирген болчу. Буга нааразы болгон жарандык активисттер Башкы прокуратурага кайрылып, мындай билдирүү мыйзамга каршы келээрин айтып чыгышкан.