Милиция кызматкерлерин видеого тартууга мыйзам тыюу салбайт (видео)

1023

Башкы прокуратура Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы Ыманалы Саркуловго эскертүү берди. Буга анын «милиция кызматкерлерин видеого тартуу мыйзамсыз» деген билдирүүсү себеп болгон. Башкы көзөмөл органы билдиргендей, «жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызматкерлерди иш учурунда фото жана видеого тартууга мыйзам тыюу салбайт». Ошол эле учурда Башкы прокуратура айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана жол коопсуздугун тескеген кызматкерлерди бири-бирин сыйлап, эрежелерди бузбоого чакырды. Эске салсак, буга чейин тиешелүү башкармалык анын кызматкерлерин уруксатсыз видеого тартып, интернетке жайгаштырган тараптарды сотко берерин билдирген болчу.