Милиция майрам өткөрүү үчүн ишкерлерден акча сурап жатат (видео)

1002

Жалал-Абаддын милиционерлери майрам өткөрүү үчүн ишкерлерден акча сураганы боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы өздүк баракчасына Жалал-Абад областынын криминалдык милициясы ишкерлерден майрам өткөрүүгө демөөрчүлүк жардам сурап кайрылган катын жарыялаган.

Жеке ишкерлерден жардам сураган кат Жалал-Абад областтык ички иштер башкармасынын криминалдык милиция кызматынын башчысынын атынан жазылган.