Милиция Оштогу криминалды ооздуктай алабы? (видео)

1246

Ош шаарында эки уюшкан кылмыштуу топ тирешүүдө. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү өздүк булактар билдиришти. Ал жакта уюшкан кылмыштуу топтун 5 өкүлү кармалса, өткөн аптада «Бандит» деген аталыштагы рейд жүргүзүлүп криминалдык чөйрөдө жүргөн отуздай адам милицияга алып келинген.

Айрымдар муну өткөн аптада уюшкан кылмыштуу топ милициянын майоруна кыр көрсөткөнүнө жооп десе, кээ бири жакында боло турган Ош шаардык кеңешине шайлоого даярдык катары баалашууда.