Милиция – Полиция деп аталгандан эмне өзгөрөт? (видео)

878

Өкмөт милицияны полиция кылып өзгөртүү планын жарыялады. Ал үчүн Ички иштер министрлигинде жумушчу тобу түзүлгөн. Милиция жана коомчулуктун өкүлдөрү кирген топ атайын мыйзам даярдап, 3 ай аралыгында Жогорку Кеңештин кароосуна киргизмекчи. Премьер-министр Сапар Исаковдун милицияны полиция кылып өзгөртүү демилгеси коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Эксперттердин пикиринде, бул реформа буга чейинкилер сыяктуу аталышын жана формасын өзгөртүү менен чектелбеши керек. Кадрларды тандоо ачык жүрүшү зарыл. Ошондой эле, жаңы түзүлө турган полиция саясаттан алыс болуп, коомдук тартипти сактоо менен гана алектениши керек. Андан тышкары, алар материалдык жактан бекемделиши зарыл.