Милициянын 2 кызматкери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды

789

Биринчи факты — Ош шаарында катталган. Түштүк борбордун тургуну май айынын башында укук коргоо органдарына арыз менен кайрылып, милиционерлер козголгон кылмыш ишин оңунан чечип беребиз деп, опузалоо менен пара талап кылганын билдирген.

Бул факт боюнча топтолгон материалдардын негизинде «кызмат абалынан кыянаттык менен колдонуу» жана «пара талап кылуу» беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Ыкчам-иликтөөнүн жыйынтыгында, Оштун көчөлөрүнүн биринде 20 миң сом акча алып жаткан учурда Ош шаардык милициясынын тескөөчүсү кармалган. Шектүү жогоруда көрсөтүлгөн акчаны ортомчу аркылуу алган.

Ушул эле күнү Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү да пара талап кылганы үчүн кармалган. Бул ишти жүргүзгөн Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы азырынча кенең маалымат берүүдөн баш тартууда.