Милициянын айлыгы көтөрүлдү, эми талап күчөтүлөбү? (видео)

1231

Милиция кызматкерлеринин маянасынын кескин жогорулашы коомчулуктун бул тармакка болгон ишенимин жогорулатабы? Учурда дал ушул суроо кызуу талкууланып жаткан чагы. Жыл башынан тарта тартип сакчыларынын айлык маянасы 40 пайызга чейин көбөйтүлдү.

Мисалы, буга чейин 11 миң сом айлык алып келген катардагы кызматкерлер биринчи жолу 19 миңге жеткен маяна алышты. Буга кошумча, үй-жайы жок, убактылуу батирде турган милиция кызматкерлерине кошумча акы төлөө боюнча токтом да күчүнө кирди. Бирок бул жеңилдик азырынча эч бир тартип сакчысына бериле элек экен.