Милициянын катарын жөнөкөй жарандар толуктайт (видео)

1187

Бишкек милициясы катардагы жарандарды жумушка чакырууда. Кайгуул күзөт кызматынын полку кайрадан түзүлгөнүнө байланыштуу, 30 жашка чейинки жаштар ишке алынат. Негизги талап: аскерде кызмат өтөгөн, соттолбогон, орто билими бар болушу керек. Маянасы 15 миң сомдун тегерегинде болот. Бирок катардагы жарандардын милицияга кызматка алынышы ар кандай пикирлерди жаратты. Айрым эксперттердин айтымында, атайын окууну бүтпөгөн жаштар ансыз да аброю төмөндөп жаткан тармактын кадыр баркына ого бетер доо кетириши мүмкүн.