Милициянын майору 600 доллар алып жаткан учурда колго түшүрүлдү

648

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам кызматкери жетектеген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети кабарлады.

Маалыматка ылайык, милициянын майору 600 доллар алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. УКМКга кайрылган жаран, башында милиционер турган кылмыштуу топ, андан кайсы бир ишти жабуу үчүн 1 миң доллар талап кылып жатканын айткан. Анын арызынын негизинде териштирүү жүрүп, тартип сакчысы баштаган топтун мүчөлөрү адамдарга жашыруун түрдө маңзат таштап коюп, аларды опузалап жүргөнү аныкталган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө башталды. Ал эми кылмышка шектүүлөр УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.