Милициянын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү

749

Президенттик шайлоого байланыштуу өлкөдөгү милициянын өздүк курамы толугу менен күчөтүлгөн тартипте иштөө режимине өттү.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, коомдук тынчтыкты, жарандардын жана чет элдик коноктордун коопсуздугун камсыздоо максатында милициянын бардык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери кандай гана тартип бузуулар болбосун, тиешелүү чара көрүшөт.

Бул үчүн 10 миңден ашык тартип сакчысы жана 12 миңдей элдик кошуундун өкүлдөрү тартылган. Мындан тышкары, өзгөчө маанидеги жана стратегиялык обьекттерди кайтаруу күчөтүлдү.