Милициянын полковниги катышкан жол кырсыгы (видео)

2225

Милициянын полковниги катышкан жол кырсыгы боюнча иш УКМКнын Чүй областтык башкармалыгына өткөрүп берилди. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Максат Чойбековдун катышуусундагы жол кырсыгы 7-декабрь күнү катталган.

Чойбеков башкарып бараткан унаа жүк ташуучу машина менен бетме-бет сүзүшкөн. Анын кесепетинен кичи автобустун ичиндегилер ар кандай жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген. Жабырлануучулардын бирөөсүнүн абалы оор, комага түшүп калган. Күбөлөрдүн айтымында, Максат Чойбеков унааны мас абалында башкарып бараткан. Бирок милициянын полковниги муну четке кагууда.