Милициянын полковниги пара алып жатканда кармалды (видео)

2434

Пара алып жаткан милиционерди кармоо операциясы учурунда жаракат алган аял ооруканадан чыгарылат. Дарыгерлердин айтымында, жол кырсыгынан жабыркаган бейтаптын буту сынып кеткен. Учурда абалы туруктуу деп бааланууда.

Эскерте кетсек, милициянын полковниги 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Аны колго түшүрүү учурунда шектүү алган парасын короого чачып жиберип, качууга аракет кылган. Дал ошол учурда унаасы менен анын үстүнөн арыз жазган аялды койдуруп кеткен.