Милициянын полковниги улгайган аялды сабап салганбы? (видео)

1143

Бишкек шаарынын тургуну тартип сакчысы тарабынан кордолгонун жазып, социалдык тармактарга сүрөттөрүн жарыялады. Анын айтымында, милиция кызматкери эч себеби жок эле аны сөгүп-тилдеп, жерге жыга түрткөн. Денесинен жаракат алганын айтып даттанган улгайган аял, ага кол салган адам Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары экенин айткан болчу. Бирок окуяга күбө болгондор жабыркадым деп арыз жазган аял өзү кулап түшкөнүн айтышууда.