Миллиарддарды уурдагандар кимдер? (видео)

778

Коррупция өлкө экономикасынын бардык тармактарына терең кирип, айрым жетекчилердин өлкө казынасынан уурдаганы миллиарддаган сомго жетүүдө. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Башкы прокуратуранын координациялык кеңешмесинде билдирди. Сагынбаевдин айтымында, коррупцияга айыпталган жетекчилер буга чейин ээлеген кызматына карабай жазаланат жана паракорлукка каршы күрөш бийликтин жогорку баскычтарында күчөтүлөт. Ошондой эле, Координациялык кеңешмеде жол салууда жана лицензиялоо-уруксат берүү тутумунда коррупциялык көрүнүштөрдү таап чыгуу боюнча маалыматтар берилди. Аларга ылайык, аныкталган мыйзам бузуулар быйыл 5 ай аралыгында эле бир топ экени белгилүү болду.