Миллион долларын жоготкон инвестор (видео)

1080

Кризиске каршы туруунун жолдору изделип жатканы менен инвесторлорду көп ойлонткон, чочулаткан ички шарттардын болушу абалды кыйла татаалдаштырып койчудай. Акыркы беш жылда өнүккөн мамлекеттерде тикелей инвестиция 37 %га, ал эми Кыргызстанга окшош экономикасы өткөөл өлкөлөрдө орточо эсеп менен 27 %га азайыптыр. Мындай көрүнүш эл аралык соодадагы саясатка, ар кандай санкцияларга байланыштуу деп түшүндүрүп жатышат. Бирок инвестициянын аз келе баштаганын дүйнөлүк тенденцияга шылтап коюу дагы туура эмес. Кыргызстанда ишкерлик кылууга акчасын салып, миллиондорун алдатып жиберген чет өлкөлүктөр арызданып жүргөн учурлар көбөйдү.

Дагы бир мисал, дүйнөлүк бренд «БЕКОнун» Кыргызстандагы өкүлчүлүгү болгон «Эфор Бишкек ЛДТ» компаниясы узак убакытка созулган соттук териштирүүнүн алдында турат. Былтыр август айында аталган компания колдонуп келген кампадан өрт чыгып, 1 миллион долларлык тиричилик техникасы күлгө айланган. Келишим боюнча келтирилген чыгымды жергиликтүү камсыздандыруу компаниясы акыркы тыйынына чейин төлөп бермек. Андан бери 7 ай өттү. Ишкерлер акчасын ала албай, ар кандай шылтоолорду угуп келгенин айтышууда. Миллион долларын жоготкон инвестор Жогорку Кеңеш жана тишелүү органдарга жардам сурап кайрылды.