Миллиондогон акча таап, салык төлөбөгөн “Яндекс-такси” (видео)

1722

Кыргызстанда “Яндекс” кызматынын таксисттери электрондук патент алууга милдеттендирилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Учурда ишкана менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатыптыр.

Бул маселе Жогорку Кеңеште көтөрүлүп, анда аталган чет элдик такси сервиси өлкөдө миллиондогон акча таап, бирок бир тыйын да салык төлөбөй жатканы айтылган. Анда иштеген айдоочулардын да ишканага бир топ нааразычылыктары бар экен. Айтымдарында, тапкан пайдадан 12 пайыз алынат деп айтылганы менен, иш жүзүндө 17 пайызга чейин жетүүдө.