Миллиондор боюнча иликтөөгө миллиондогон доолор (видео)

1045

Бишкектин Свердлов райондук сотунда «Азаттык», «Клооп», «24.kg» басылмаларынын жана журналист Али Токтакуновдун банктык эсебин камакка коюу тууралуу өкүм жокко чыгарылды. Мындай чечимди судья Жылдыз Ибраимова кабыл алды.

Белгилей кетсек, ушул эле фемида өкүлү 10-декабрда эсептерди камакка алган болчу.  Матраимовдордун адвокаты буга чейинки чечимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Ал эми 60 миллион сом талап кылынган негизги доо арызды 19-декабрда ушул эле судья карай баштайт.