Миң айга тете — Кадыр түн (видео)

1148

Кадыр түн. Дин аалымдардын айтымында, бул түнү мусулмандар уктабай ибадат кылып, намаз окуп, жакшы тилектерди ниет кылып таң аттырышат. Ош шаарында да Кадыр түн тосууга күн мурунтан даярдык көрүлгөн.

Бардык мечиттерде, анын ичинен Сулайман-Тоо мечитине эл эң көп чогулууда. Ошондой эле, жылда 30 гана күн ачыла турган Ифтар базарында да соода кызуу жүрдү.