Миң-Кушта эски шахтада көмүр казып жаткан адамды уранды басып калды

946

Миң-Кушта эски шахтада өз алдынча көмүр казып жаткан 61 жаштагы адамды уранды басып калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары менен жергиликтүү тургундар шахтанын 15 метр тереңдигинен маркумдун сөөгүн алып чыгышты. Учурда бул иш боюнча милиция иликтөө жүргүзүп жатат.

Эскерте кетсек, өткөн аптада Баткен обласында дагы шахталардын биринде 3 киши каза тапкан. Жергиликтүү тургундар өз алдынча көмүр казып жатып, 90 метр тереңдикте иске ууланып, чыга албай калышкан.