Миңдеген тонна картошка качан сатылат? (видео)

607

Өкмөттөгү айрым мекемелердин өз ишин туура аткарбаганынан экспортчулар ири зыянга кабылышууда. Бул тууралуу соода-өнөр-жай палатасынын өкүлдөрү айтып чыгышты. Мисалы, жүк ташуучулар Түркияга ири көлөмдөгү айыл-чарба өндүрүмүн алып барганда чек арадан токтотулган. Буга Тышкы иштер министрлигинин адаттагыдай эле жылдын башында алынуучу уруксат кагазын албаганы себеп болуптур.

Ал арада, Түркияда быйыл айрым айыл-чарба азыктары тартыш болуп, импортко эшигин ачканы белгилүү. Бирок Кыргызстанда өндүрүлгөн түшүмдү сатууга айрым эрежелер боюнча документтердин даяр эместиги тоскоол болууда. Ошол эле кезде жергиликтүү дыйкандар өндүргөн жашылча жемиштер сатылбай кампаларда чирип жатат.