Миңге чукул кытай жаранына паспорт бергендер кимдер? (видео)

1249

Мамлекеттик каттоо кызматында 133 коррупциялык схема аныкталган. Бирок алардын 10 пайызга жетпегени гана жоюлган. Парламенттеги «Республика — Ата Журт» фракциясында аталган кызматтын өкүлдөрү отчет беришти. Өлкөдөгү резонанстуу иштер боюнча жыйынтык чыга элек экен. Отурумга келгендер депутаттардын суроолоруна так жооп бере албай коюшту. Бир эле мисал, Кытайдын көптөгөн жарандарына Кыргызстанда жашоого уруксат мыйзамсыз берилип, бирок, 3 жылдан бери ал документ жокко — чыгарылган эмес.