Министр биздин эсебибизден кыргыз тилин үйрөнүшү керекпи? (видео)

782

Кыргыз тилин билбеген аткаминерлерди мамлекеттин эсебинен окутуу керекпи? Бул маселе учурда коомчулукта кызуу талкууну жаратууда. Буга Экономика министрлигинин кызматкерлерине жана жеке Артем Новиковдун өзүнө мамлекеттик тилди үйрөтүү үчүн тендер жарыяланганы себеп болду. Айрымдары аталган мекемеде иштегендер өздөрүнүн эсебинен окусун десе, кээ бири үч айда эле кызматкерлердин кыргыз тилинде сүйлөп кетерине ишенишпейт. Быйыл 1-марттан тарта бардык мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилин билүү боюнча сынак тапшырышат. Андан өтпөй калып же төмөн упай топтогондор ээлеген кызматынан ылдыйлатылып же иштен айдалышы мүмкүн. Аткаминерлердин мамлекеттик тилди үйрөнүү дарамети кандай?