Министр энергетика тармагын кантип каатчылыктан алып чыгат? (видео)

2018

Жалал-Абад областынын Аксы районунда 15-майдан бери күндүз 12 саатка чейин электр энергиясы өчүрүлүп жатат. Жашоочулар муну Токтогул суу сактагычындагы суу аз болгондугуна байланыштуу, электр кубатын үнөмдөө үчүн чектөөлөр башталды деп болжошууда.

Ал эми кызматка жаңы дайындалган энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев пландык оңдоолорго байланыштуу өчүрүлүп жатат деп ишендирүүдө. Буга чейин бул кызматты аркалап келген Кубанычбек Турдубаев кечээ иштен бошотулду. Себеби айтылган жок. Жаңы министр энергетика тармагын кантип каатчылыктан алып чыгат?