Министрлер кабинетин кимдер ээледи? (видео)

6643

Өкмөттөгү кадрдык алмашуулар уланууда. Чүй областынын губернатору Алмазбек Ниязалиев кызматынан кетип, анын ордуна 36 жаштагы Мирбек Мияров келди. Ал быйылкы парламенттик шайлоого катышкан талапкерлердин бири. “Ордо” партиясынын лидери. Нарын жана Талас областтарынын губернаторлору кетип, башкалар дайындалган.

Премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн курамы 20 пайызга гана өзгөрдү дегени менен он бештей жаңы жетекчи келген. Арасында мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, түрмөгө отуруп чыккандары да бар.