Министрлер кайсы жакта үгүт жүргүзүп жүрүшөт? (видео)

782

Айрым жетекчилер аймактарды кыдырып, КСДПнын талапкерине үгүт иштерин жүргүзүүдө. Мындай билдирүүнү «Акыйкат шайлоо үчүн» кыймылы таратып, президентти чара көрүүгө чакырышты. Ошондой эле, уюм шайлоо мыйзамдарын бузду деген аткаминерлердин тизмесин жарыялады. Жергиликтүү тургундар дагы аткаминерлердин кичи мекенинде үгүт иштерине аралашып жатканын тастыкташууда. Адистердин айтымында, бул көрүнүш административдик ресурсту жасоону үйрөткөн вице-премьер Дүйшөнбек Залалиевге карата чара көрүлбөгөндүктүн жыйынтыгы.