Министрлер кымбат унаа минбесе жумушу бүтпөйбү? (видео)

614

Эки күндөн бери Жогорку Кеңеште Саламаттыкты сактоо министри гранттын эсебинен сатып алган кымбат машиналар талкууга алынууда. Депутаттардын айтымында, тармакта чечилбей жаткан маселелер толуп жатса, Космосбек Чолпонбаевдин 2018-жылы чыккан жылуу жумшак унаа сатып алганы акылга сыйбаган иш.

Эл өкүлдөрү аны сатып, ордуна тез жардам унаасын алууну талап кылышты. Мындай сунуш буга чейин коомчулук тарабынан дагы айтылган. Бирок эмнегедир Саламаттыкты сактоо министри ал жол тандабастардан кол жуугусу келбегендей. Ал арада, Космосбек Чолпонбаевдин отставкасына так ушул машина чыры себеп болушу мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады.