Министрлер Олег Панкратов менен Нурбек Мурашев кызматтан кетти

667

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков экономика министри Олег Панкратов менен айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин кызматтан кетүү боюнча арыздарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланды.

Эске салсак, Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын сунушу менен кызматка келген мурдагы айыл-чарба министри Нурбек Мурашев кызматтан кетүү жөнүндө арызын жазган. Андан бир күн мурда эле мурдагы жетекчи, өкмөттүн жыйынында премьер-министрден катуу сын уккан болчу. Ошондой эле, экс-экономика министри Олег Панкратов да кызматтан кетишине өзүнө айтылган сын-пикирдин көбөйүп кеткени себеп болгонун билдирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.