Министрлердин отставкасы: Кезек кимде? (видео)

630

Өкмөттө бошогон министрлик орундарга талапкерлердин аттары атала баштады. Жаш ишкер Тилек Токтогазиевдин айыл чарба министри болуп калуу мүмкүнчүлүгү жогорулады. Анткени аны коалициядагы фракция колдоп, өз квотасындагы мекемеге көрсөттү.

Экономика министрлигине болсо — Санжар Муканбетовдун талапкерлиги айтылууда. Ал Сапар Исаковдун өкмөтүндө вице-премьер-министр болуп иштеген. Ошол эле убакта, кызматынан кетиши мүмкүн деген башка дагы аткаминерлердин аттары атала баштады.