Мирбек Атабеков устукансыз той өткөрдү (видео)

986

Эт тартпай, той-аш өткөрүүгө болобу? Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков балдарына жээнтек жана сүннөт той берип, бирок конокторго устукан тартпаганы социалдык тармактарда кызуу талкууланууда. Анын кылганы үлкөндөргө да үлгү болушу керек дегендер да бар. Анткени соңку мезгилде жакшылык-жамандыктарда ашыкча чыгымдарга жол берилип, ысырапкорчулук күчөп жатканы айтылып келет.

Байлар өз ара атаандашып, карапайым калк болсо аларга жетүүгө аракеттенип, натыйжада той өткөгөңдөрдүн көпчүлүгү кафе-ресторандарга карыз болуп калышат экен. Буга мыйзам аркылуу тыюу салынуу керектиги айтылганы менен ал аракет ишке ашпай келет.