Мирлан Бакиров парламенттин дарегине сын айткандарга жооп кайтарды

557

Парламент биржа, базарга айланган жок. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жалпы отурумда билдирүү жасап, парламенттин дарегине сын айткандарга жооп кайтарды. Анын айтымында 5 жана 6 чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жаңы баш мыйзамдын негизинде шайланды.

Парламентте гендердик баланс сакталып, жаштар, улуттук азчылыктын өкүлдөрү, ар кыл тармактагы кесиптин ээлери бар. “Биржа”, “базаркомдор” отурат деген сөз жалпы парламенттин кадыр-баркына шек келтирип жатат. Эгерде конкреттүү саясатчынын кайсы бир депутатка маселеси болсо анын аты-жөнүн так айтсын. Айрым саясатчылар Жогорку Кеңешти сындоодо тизгинди тартсын»- деди Мирлан Бакиров.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.