Мирзиеев кыргыз парламентарийлер менен жолукту (видео)

1226

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары бүгүн дагы уланды. Визиттин алкагында ал Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана парламенттеги фракция лидерлери менен жолукту. Анда тараптар эки өлкөнүн мамилеси жаңы баскычка көтөрүлгөнүн белгилешти. Өзбекстан лидеринин айтымында, мамлекеттер ортосундагы дипломатиялык байланыш 25 жыл мурда башталганы менен, азыркыга чейин чечилбеген маселелер көп. Аны жөнгө салууда парламенттердин ролу жогору, деди Шавкат Мирзиёев. Ал Кыргызстандын депутаттарын Өзбекстанга келип кетүүгө чакырды. Кошуна өлкөнүн президенти мамлекеттик сапар менен Бишкекке кечээ күнү келген.