Мирзиёев: Актөбөдөгү кырсык — өлкөдө иш орундарынын жоктугун көрсөттү

796

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сурхандарья облусуна жасаган жумушчу сапары маалында 18-январда Казакстандын Актөбө облусундагы кырсыкта каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтты. Мамлекет башчынын пикиринде, бул окуя өлкөдө иш менен камсыз кылууга шарттар түзүлбөгөнүн көрсөттү.

«Бул кырсык көп нерсени, анын ичинде биздин калк алдында карызыбыздын көп экендигин көрсөтүүдө. Биз иш орундарын түзүп бербегендиктен, адамдар башка өлкөлөрдө жумуш издөөгө мажбур болушууда», – деп билдирди президент. Өлкө башчы бул окуя ошондой эле мамлекет жетекчилеринин, башка баскычтагы башчылардын өлкөдө иш орундарын түзүү тармагындагы кемчиликтерди жойбогонун көрсөткөнүн белгиледи.

Жүргүнчү ташыган автобус 18-январда Самара-Шымкент жолунун Актөбө облусунун Иргиз районундагы бөлүгүндө өрттөнгөн. Казак бийлигинин маалыматы боюнча, андагы 57 кишинин 52си каза болгон. Алардын бардыгы Өзбектандын жарандары. Казакстандын үч жана Өзбекстандын эки жараны аман калышкан.

Өзбекстан менен Казакстандын өкмөттөрү автобус кырсыгына байланыштуу комиссия түзүштү. Каза болгондордун бардыгы Наманган облусунун эркек тургундары. Алардын эң улуусу 41, кичүүсү 19 жашта.

20-январда Өзбекстан президентинин чечими менен өзбек жарандарынын сөөктөрү атайын учак менен Ташкентке жеткирилди.

19-январда Казакстандын ички иштер министринин орун басары Ерлан Тургумбаев өрт автобус ичинде бензинди колдонуу менен от жагылгандан улам чыккан болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Анын айтымында, күйүп калган денелерди идентификациялоо оор болуп жаткандыктан, Өзбекстанда бир катар геномдук экспертизалар жүргүзүлөт.