Митингчилер ЖКнын, анын төрагасынын кетишин талап кылууда (видео)

8135

Сооронбай Жээнбеков отставкага кетээрин билдиргени менен, Бишкекте митингге чогулгандар тараган жок. Алар президенттин кызматтан кетип жатканын кол чабуулар менен кабыл алган соң, кийинки талабын айта башташты.

Эртең менен өкмөт үйүнүн алдында, түштөн кийин резиденцияга жакын жердеги Ысык-Көл мейманканасынын жанына чогулгандар эми эки күн мурда шайланган спикер Канат Исаев отставкага кетип, парламент мөөнөтүнөн мурда таркашы керек деп талап кылып турушту. Кечке маал чогулгандар кайрадан өкмөт үйүнүн алдына барышты.