Митингчилер: Мурдагы жетекчилер абакка киргизилсин! (видео)

507

Жогорку соттун ичинде Өмүрбек Текебаев, Дүйшөн Чотонов, Садыр Жапаровго байланыштуу иш каралып жаткан маалда сыртта эски аянтта тынчтык митинги өттү. Анда камактагы лидерлерди бошотуп, мурдагы жетекчилерди абакка киргизүү талаптары коюлду. Нааразычылык акциясынын катышуучуларынын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева жана УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев камакка алынышы керек.

Анткени дал ушул адамдар учурунда бир топ саясатчыларды негизсиз куугунтукташкан, дейт митингчилер. Ошондой эле, чогулгандар Өмүрбек Текебаевдин, Дүйшөн Чотоновдун жана Садыр Жапаровдун иштери эми жаңы ачылган жагдайлар боюнча акыйкат каралсын деген талап коюшту.