Митингчилер: Уран кенин иштетүүгө берилген лицензиялар жокко чыгарылсын!

886

Урансыз өлкө! Урансыз келечек! Дал ушундай чакырыктар менен Бишкекте Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы митинг өтүүдө. Ак үйдүн алдына чогулган жарандык активисттер, коомдук ишмерлер өлкө боюнча уран кенин иштетүүгө берилип кеткен 35 лицензияны жокко чыгарууну талап кылышууда.

Ошондой эле «ЮрАзия» компаниясына кимдер тарабынан лицензия берилсе, аларга кылмыш иши козголушу керек дейт нараазычылык акциясынын катышуучулары. Чогулгандардын айтымында, укук коргоо органдары уран кенин иштетип жаткандардан жаратылышка келтирилген зыян үчүн чыгым төлөтүп алышы зарыл.

Айрым жарандык активисттер өлкө боюнча толугу менен уранды иштетүүгө мораторий киргизүү боюнча демилгени колдошпойт экен. Алар биротоло, түбөлүккө тыюу салынышы керек дешет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.