Митингде 24 тартип сакчысы жабыркады (видео)

900

Массалык башаламандыкта башына таш тийген милиционердин абалы канааттандырарлык. Ак халатчандардын айтымында, тартип сакчысынын мээси чайкалып, моюн омурткасынан жараат алган. Ал учурда Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүндө дарыланууда.

Ички иштер министрлиги жалпысынан 24 милиция кызматкери ар кандай жаракат алганын кабарлады. Алардын көбүнө таш тийген. Саламаттык сактоо министрлиги митингде жабыркаган 22 адам медициналык жардам сурап, ооруканаларга кайрылганын кабарлады. Мунун ичинен 19 күч кызматкерлери болсо, үчөө катардагы жарандар.