Митингдеги провокаторлор — тартип сакчыларыбы? (видео)

2679

Өткөн аптадагы зомбулукка каршы митинг учурунда чагымчылдык кылгандардан арасында тартип сакчылары дагы болду беле? Бул боюнча журналист Болот Темиров иликтөө жасап, анда министрдин отставкасын талап кылгандарга каршы чыккандардын арасында жарандык формачан бир катар тартип сакчылары жүргөнүн жарыялады.

Өз кезегинде бул боюнча Ички иштер министрлиги таптакыр башка версияны айтууда. Ал арада бүгүн аялдарга карата зомбулукка каршы чыккан активисттердин акциясына тоскоолдук жараткан жарандарга каршы милицияга арыз жазылды. Анда антимитингге чыккан адамдардын тек-жайын тактап, чара көрүү талабы коюлган.