ММК: Алмазбек Атамбаевдин байлыгынын булактары белгисиз бойдон калууда

663

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин байлыгынын булактары белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу Британиялык басылма жазды. Анда Атамбаевдин өлкөнү башкарып турган жылдарындагы кадрдык саясаты, анын учурунда түзүлгөн шектүү келишимдер боюнча макала жарыяланган.

Open Democracy басылмасы 2017-жылдын ноябрына чейин Атамбаев Кыргызстандын өтө бай президенти болгон, бирок ал байлыкты кантип топтогону белгисиз деген бүтүмгө келген.

Анын президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин, муниципалдык объекттер мыйзамсыз менчиктештирилгени, инфрастуруктарлык долбоорлорго бөлүнгөн каражаттар уурдалганы аныкталып, кылмыш иштери козголо баштады. Ал боюнча Атамбаевдин көздөй адамдары коррупцияга айыпталып, мыйзамсыз ишмердүүлүктөрү аныкталууда, деп жазылат эл аралык басылмада.