«Мобилдик кулчулук» жокко чыгырылат (видео)
843
“Электрондук капчык” кызматы жакынкы күндөрү иштебей калышы мүмкүн. Мындай демилгени Улуттук банк көтөрүп, абоненттин өздүк эсебинен электрондук капчыктарды толуктоого жана анын жардамы менен ар кандай кызматтарды аткарууга толугу менен тыйюу салуу жөнүндө жобо иштеп чыккан. Бирок мобилдик операторлор мындай чечим менен макул эмес. Айтымдарында операторлор тарабынан сунушталган каржылык кызмат үч айдын ичинде эле 100 миңден ашуун кардарды тейлөөгө алып, абоненттердин пайдасына иштеп жатат. Анын үстүнө мобилдик төлөмдөр аркылуу айрым коррупциялык схемаларга бөгөт койсо болот, дешет байланыш ассоциациясынын өкүлдөрү.