Модернизациядан арткан акча кайда жумшалат? (видео)

1119

Токтогул суу электрстанциясын модернизациялоонун экинчи этабынан артып калган каражатка Үч-Коргон ГЭСи жаңыланышы ыктымал. Белгилей кетсек, жакында эле «Электр станциялары» ишканасы менен чет элдик биргелешкен компаниянын ортосунда 104 миллион доллардык келишимге кол коюлду. Бирок бул долбоорго деп эки эл аралык каржы уюму 224 миллион доллар бөлгөн. «Токтогул ГЭСин реабилитациялоо» долбоорунун экинчи фазасы 2020-жылы башталып, 3 жылга созулат. Анын алкагында обьекттеги 4 агрегат алмаштырылат. Эксперттер бул иш өз убагында башталганын айтышууда. Антпесе Токтогул ГЭСиндеги 2015-жылы болгон авария кайталанбайт дегенге кепилдик жок.