Момбеков Башкы прокурорго: “Сулууларга суктанууга акым бар” (видео)

1430

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда, мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши кайрадан жандандырылды. Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште көзөмөл органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу жылдык отчетун берип жатып билдирди. Ошондой эле, “Манас” аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна жүк ташыган учактын кулашы боюнча да токтотулган иш кайра тергелип баштаганы белгиленди.

Башкы прокурордун отчетуна ылайык, былтыр 39 миңге жакын мыйзам бузуу фактысы катталган. Прокурордук актылардын негизинде 1 миллиард сомго жакын зыян өндүрүлгөн. Бирок былтыр 2017-жылга салыштырмалуу жашы жете элек өспүрүмдөр арасында кылмыштуулук өскөн, ошол эле учурда балдарга карата жасалган кылмыштар да көбөйгөн.